Новости

ОШ МУнун БиМ факультетинин «Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасында, “Бизнес информатика” адистигин адистикке даярдоо боюнча дисциплиналардын жумушчу программаларын талкулоо болуп өттү.

Бул иш-чарага ОШ МУнун МиТ факультетинин программалоо кафедрасынан:

· улук окутуучу Н.К. Аркабаев;

· доцент У.А. Сактанов.

ОШ МУнун IT академиясынын директору, улук окутуучу У.Д. Молдояров;

ОШ МУнун техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнөн А. Салиев;

ОШ ТУнун ПиВЭ кафедрасынан:

· ПивЭ кафедрасынын башчысы м-ф.и.к., доцент А.Ж. Артыков;

· ПивЭ кафедрасынын улук окутуучусу С.К. Атабаев;

· ПивЭ кафедрасынын окутуучусу Ж.Ш. Орозмаматова;

· ПивЭ кафедрасынын окутуучусу Г.С. Курманалиева.

· ОШ ТУнун окуу борборунан Ч. Камал уулу.

Жана ошондой эле ОШ МУнун БиМ факультетинин БИжЭМ кафедрасынын жалпы жамааты катышышты.

Бул иш чаранын жүрүшүндө, “Бизнес информатика” адистигинин жумушчу окуу-пландарында берилген дисциплиналардын календардык-тематикалык пландарынын сапаттын талкулоо болду.

ОШ ТУдан келген коноктордун атынан ПивЭ кафедрасынын башчысы м-ф.и.к., доцент А.Ж. Артыков сөзгө чыгып, ОШ ТУнун “Бизнес информатика” адистигинин окуу-планы менен тааныштырып, эки окуу жайдын аталган адистиги боюнча түзүлгөн окуу-пландарында окшоштук жана айырмачылыктар бар экендигине токтолду. Ошону менен бирге “Бизнес информатика” адистигин келечекте биргелешип иш алып баруу менен заманбап адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгиледи.

Бул иш чаранын жүрүшүнө БИжЭМ кафедрасынын башчысы, ф-м.и.к., доц Т.О. Бекешов төрагалык кылды.

2037 15:44 16-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 >|