Новости

"Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасында практикалык жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

БиМ факультетинин "Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасында практикалык жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Бул конференциянын жүрүшүндө 1-2-курстун студенттери ар кандай өндүрүштөрдө, мамлекеттик жана коммерциялык банктарда, айыл өкмөттөрдө, жогорку окуу жайларда эки жумалык "окуу-таанышуу" практикаларын өтөп келишип отчёт беришти. Практика учурунда студенттердин алган таасирлери жана көйгөйлөр тууралу сөз болду. Ошону менен бирге студенттердин практика учурунда алган билимдери жана отчётторунун сапаттары талкууланып бааланышты. Студенттердин берген отчётторуна "Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы көзөмөл кылды.
1714 17:10 09-02-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 >|