Новости

Мирлан МАНАШОВ: “Конфуций институтунун кыргыз-кытай алакасына кошкон салымы зор”

Кыргыз-Кытай достук мамилелерин бекемдөө, эки элдин ортосундагы билим берүү, маданий тажрыйбаларды алмашуу, кытай тилин үйрөтүү жана маданиятын тааныштырууда Конфуций институттарынын мааниси абдан зор. Кыргызстанда азыркы мезгилде, төрт Конфуций институту ачылган. Алардын бири, Ош мамлекеттик университетинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. ОшМУдагы Конфуций институту тууралуу бүгүн бизге, институттун Кыргызстан тарабынан директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Мирлан Манашов маек куруп берди. - Ош мамлекеттик университетинде Конфуций институту качан ачылды эле? - 2013-жылдын январь айында Ош мамлекеттик университети менен “Конфуций институттарынын” Кытай Эл Республикасындагы башкы башкармалыгы ортосунда түзүлгөн келишимдин жана ошол эле жылдын 1-мартында Үрүмчү шаарындагы Синьцзян педагогикалык университети менен болгон макулдашуунун негизинде 2013-жылдын 20-июнунда биздин университетте Конфуций институту ачылган. Ошол мезгилден бери институт кыргыз-кытай алакасын бекемдеп, студенттерге татыктуу билим берип келе жатат. - Азыркы тапта, Конфуций институтунда канча мугалим эмгектенет? - 2017-2018-окуу жылында өзүбүздүн алты студентибиз магистратурасын аяктап келишти. Кытай тилинен 12 окутуучубуз сабак берет. Гуманитардык багыттагы сабактарды өткөн мугалимдерибиз, англис тилчилерибиз, декан жардамчысы, методисттерди кошкондо жалпы 18 кызматкерибиз бар. Булар жергиликтүү калктын өкүлдөрү. Ал эми, жетекчи менен кошо 22 окутуучубуз Кытай Эл Республикасынын жарандары. Бул мугалимдерибиз Синьцзян педагогикалык университети тарабынан келишкен. 22 окутуучунун ичинен Конфуций институтунда сабак бергендердин саны 16. Бир окутуучубуз Ош технологиялык университетинде, эки окутуучубуз Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жана дагы бир мугалимибиз ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинде кытай тилинен сабак беришет. Мындан сырткары, бир окутуучубуз ОшМУнун Билим лицейинде кытай тилин үйрөтөт. - Бишкек шаарында кээ бир жогорку окуу жайларда Конфуций Институттарынын алдында Конфуций класстары ачылгандыгын билебиз. Ош шаарында Конфуций класстары барбы? - Конфуций класстарын ачуу, ага каражат бөлүү боюнча былтыр кол коюлган. Азыркы тапта даярдык көрүлүп, класстарды оңдоо-түздөө иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада, техникалык каражаттар жана окуу жабдыктары алынып келинет. Сентябрдын аягы, октябрдын башы толугу менен ремонт иштери аяктап, материалдык жактан жабдылып бүтөт деп күтүп жатабыз. - Бардыгыбыз билгендей Конфуций институтунда окуу бул-Кытай Эл Республикасында билим алууну улантууга түзүлгөн эң мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат. Сиздердин студенттер Кытайда билим алуу үчүн кандай талаптарга жооп берүүлөрү зарыл? - Биздин Конфуций институту Кытай Эл Республикасынын бир катар жогорку окуу жайлары менен кызматташтык мамиледе. Ошондуктан, студенттерибизге Кытай жергесинде окууга мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Бирок, бир нече этаптардан өтүүлөрү зарыл. Биринчи, сөзсүз түрдө HSK (кытай тили сынагы) сынагынын жогорку упайды топтоо, эң азынан 3-деңгээлдеги сертификаттын жогорку балына ээ болуулары керек. Андан соң ар бир тайпада, бири Кытай тараптан, бири Кыргызстан тараптан эки куратор болот, ошол окутуучулар менен маектешип, берилген орунга жараша студенттерди тандап алабыз. Бул жакта студенттин активдүүлүгү, сабакка, маданий иш-чараларга катышуусуна дагы көңүл бөлүнөт. Дагы бир нече пункттар бар, ар бир пунктка упайлар берилет. Анан аларды кошуп келгенде, эң жогорку упайга ээ болгон студент Кытай жергесинде 6 айдан 1 жылга чейинки тил курстарын окууга жолдомо алат. Учурда, бизде 52 студент Кытайга, тил курсуна чакыруу кагазын алышты. “Кытай эски менен жаңыны эриш-алкак алып кеткен мамлекет” - Конфуций институту тарабынан кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат? - 2017-2018-окуу жылына карата маданий иш-чараларды өткөрүү планын түзүп чыкканбыз. Негизги иш план боюнча бир жыл ичинде 64 маданий иш-чара өткөрүү каралган. Алгач өзүбүздүн эне тилибиз-Кыргыз тилинин мамлекеттик статуска ээ болгон күнүнө карата иш-чара уюштурдук. Анан “Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттар күнүн” дагы белгилейбиз. Кытай элинин майрамдары, жаңы жылы жана кыргыз элинин белгилүү даталарына карата майрамдык иш-чаралар уюштурулмакчы. Бул маданий иш-чаралардын эки элдин маданиятын, каада-салтын бир-бирине таанытууда мааниси зор. - Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы билим берүү тармагындагы алакага кандай баа бересиз, бул тармакты дагы тереңдеп өнүктүрүү үчүн кандай иштерди аткаруу керек? - Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү системасындагы өтө тыгыз кызматташтыкты көрүүгө болот. Биздин миңдеген жаштарыбыз кошуна мамлекеттен окуп, билим алып жатышат. Кытай Өкмөтү тарабынан кыргызстандык студенттер үчүн бюджеттик орундар дагы жетиштүү каралган. Тил үйрөнүү, башка маданиятты жакындан таанып-билүү бул абдан жакшы нерсе. Адамдын дүйнө таанымы кеңейет. Ошондуктан, эки мамлекеттин билим берүү тармагындагы кызматташтык жакшы деңгээлде өнүгүүдө деп айтаар элем. Ошол эле мезгилде ортодо кыйынчылыктар да жок эмес. Эки мамлекеттин билим берүү системасындагы окуу пландары бир-бирине дал келгендей түзүлсө көптөгөн жаштар үчүн абдан ыңгайлуу болот эле. Мисалы, бизге кытайлык кыргыз студент келди. Ал кытайда эки жыл билим алыптыр, бирок биздин окуу планга анын алган сабактары дал келбегендиктен университетке кабыл ала алган жокпуз. Биз ушул жагынан кичине аксап жатабыз. Келечекте бул багытта дагы иштер жүргүзүлөт деп ойлойм. - “Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттарынын күнү” белгиленүү алдында турат. Ушул майрамга карата кесиптештериңизге калоо-тилегиңизди билдирип кетсеңиз? - Конфуций институтунун күнү менен дүйнө жүзүндөгү 500дөн ашуун институттардын жетекчилерин, эмгек жамааттарын жана Конфуций институттарын финансылык жактан каржылаган Ханбан штаб-квартирасын куттуктаймын. Азыркы учурда, дүйнө жүзүнө кытай тилин, маданиятын жайылтууда бул кеңсенин мааниси абдан зор. Башка элдин тилин, маданиятын жакындан таанып, үйрөнө баштагандан кийин, өзүбүздүн эне тилибизге, салт-санаабызга болгон сый-урматыбыз дагы күчөйт деп билем. ОшМУнун Конфуций институтунун эмгек жамаатын дагы бул майрамы менен куттуктайм. Ректорубуз, профессор Каныбек Абдуваситович Исаковдун: “Борбор Азиядагы эң үлгүлүү Конфуций институту болгонго жетишели”-деген мыкты тилеги бар. Мына ушул ниетке кийинки Конфуций институтунун туулган күнүнө чейин жетебиз деп ишенем. Бардык кесиптештериме ийгилик каалайм. - Кытай Эл Республикасын эки-үч сөз менен кандай сүрөттөп берет элеңиз? - Кытай Эл Республикасы 21-кылымдын өнүккөн мамлекети болуу менен бирге, эски менен жаңыны айкалыштырып, эриш-аркак алып кеткен, өтмүшүн унутпаган, салтын сыйлаган өлкө. (Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL) поделиться
3300 07:01 30-09-2017

                 

Новости

|< 1 >|