Новости

ОшМУда биринчи жолу

ОшМУда биринчи жолу "эң мыкты студенттик акыйкатчы" сынагы уюшулганы турат. 2015-2016-окуу жылында студенттик акыйкатчылардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу, аларга стимул берүү, студенттердин ишенимин арттыруу максатында факультеттердин акыйкатчыларынын ортосунда "эң мыкты студенттик акыйкатчы" сынагын уюштурууну колго алдык.Сынак окуу жылынын аягында атайын түзүлгөн комиссиянын кароосунда өткөрүлөт. Ал боюнча атайын жобо түзүлүп, ар кандай критерийлер боюнча көрсөткүчтүк упайлары менен бааланат. Эскерте кетсек ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан "Эң мыкты куратор", "Эң мыкты тайпа", "Эң мыкты Замдекан"(тарбия иштери боюнча), "Эң мыкты жаштар комитетинин төрагасы" ж.б.у.с. окуу жылынын аягында сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр диплом, грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Жогорудагы жаңыдан кошулган акыйкатчылардын сынагы да максатка ылайык жакшы жыйынтыктарын берет деп ишенебиз. Башкысы бул демилгени колдоп берген ректорубузга, тарбия департаментинин директоруна, профсоюз комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. ОшМУнун студентик акыйкатчысы: Кубанычбек уулу Нурсултан.
4115 12:39 12-10-2015

                 

Новости

|< 1 2 >|