Новости

ОшМУда гранттык комиссия өз ишин баштады

Бүгүн, 7-июль күнү абитуриeнттерди кабыл алуунун биринчи туру башталып, бардык адистиктер боюнча айрылма таландорду таштоо процесси жүрүүдө.

“ОшМУда эки жылдан бери кабыл алуунун ачык-айкын уюштуруу багытында жүргүзүп жаткан иштери быйылкы кабыл алууда да ишке ашууда. Айта кетсек абитуриент тарабынан ташталуучу айрылма талондор атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин //www.oshsu.kg сайтында онлайн-режиминде чагылдырылууда”, -деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кудайберди Кожобеков.

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги бекиткен босого баллдан бюджеттик негизде билим алуу үчүн 110 балл, кошумча предметтери 60тан жогору, келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тести 105 балл, кошумча предметтери 60тан жогору, ошондой эле негизги тести 105тен жогорку абитуриенттер, ал эми дистанттык (сырттан окуу) боюнча билим алууга негизги тести 95тен жогорку абитуриенттер конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

Быйылкы окуу жылы Билим берүү министрлиги тарабынан 459 гранттык (бюджеттик) орун сунуш кылынган.

Кошумчалай кетсек, кабыл алуунун биринчи туру 7-июль күнү башталса, 9-июль күнү саат 14-00 жыйынтыкталып гранттык комиссия тарабынан каралат, комиссия тарабынан сунуш кылынган абитуриенттердин тизмеси 10-июль күнү саат 10-00дөн тартып илинсе, окууга өткөн абитуриенттер 10-12-июль күндөрү 3 күндүн ичинде документ тапшырышат.

16522 15:06 07-07-2014

                 

Новости

|< >|