Новости

ОшМУда энергетика күндөрүнө арналган көргөзмө уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарында 2-4-июнь күндөрүнө пландаштырылып өтүп жаткан туруктуу энергетика күндөрүнө арналган көргөзмө болду.

Көргөзмө окуу жайдын башкы имаратында уюштурулуп, ага Кыргызстан, Латвия, Таджикстан жана Казахстандан келген энергетика кызматкерлери, Энергетика министрлигинен, жогорку окуу жайларынан келген өкүлдөр, «Ошэлектро» жана «Жалал-Абатэлектро» ишканаларынын жетекчилиги жана кызматкерлери, башка чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышышты.

Анда ОшМУнун физика-техникалык факультетинин энергетика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан жасалган электр энергиясын үнөмдөө боюнча даярдалган макеттер, иштөөчү энерго-курулмалар, күн нурунан электр энергиясын алуучу жабдык, кичинекей ГЭСтердин курулуш механизмдери, электр станциялары сыяктуу кызыктуу жана баалуу ойлоп табуулары көргөзмөгө коюлуп, маалыматтар берилди. Өзгөчө чет элден келген өкүлдөр күндүн нурунан энергия алуучу каражатка бышырылган тамактардан даам сызып, жогорку баасын беришти. Ошондой эле ОшМУнун музейинде болушту.

Белгилей кетсек, аталган иш чара Ош шаарында 3 күнгө созулуп, анда Ош шаарындагы энергоэффектүүлүктү жогорулатуу, жалпы калкка үнөмдүү таратуу жана туура пайдалануу тууралуу сөз болмокчу.

15103 10:13 04-07-2014

                 

Новости

|< >|