Новости

Ош МУнун магистратурасына кабыл алуу башталды!


2014- жылдын 1- июлунан тартып Ош мамлекеттик университети төмөндөгү багыттар боюнча магистратурага кабыл алууну баштады:

510100. Математика.
510200. Колдонмо математика жана информатика.
510400. Физика.
520100. Химия.
520200. Биология.
520400. География.
530200. Саясат таануу.
531000. Филология.
531100. Лингвистика (Котормо жана котормо таануу).
531500. Теология.
531600. Аймак таануу.
540200. Социалдык иштер.
550100. Табигый-илимий билим берүү (Биология; химия; география; экология).
550200. Физика-математикалык билим берүү (Математика; информатика; физика).
550300. Филологиялык билим берүү (Кыргыз тили жана адабияты; орус тили жана адабияты; чет тили).
550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых). 550600. Көркөм билим берүү (Музыкалык искусство; көркөм өнөр искусствосу).
550700. Педагогика (Башталгыч билим берүү; мектепке чейинки билим берүү; дене тарбия).
570700. Костюм жана текстиль искусствосу.
580100. Экономика.
580200. Менеджмент.
600200. Туризм.
640200. Электроэнергетика жана электротехника (Электр менен камсыздоо; энергиянын альтернативдүү булактары).
710100. Информатика жана эсептөө техникасы (Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдылышы; информацияны иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары).
710200. Информациялык системалар жана технологиялар (Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар).
710300. Колдонмо информатика (тармактарда).

ТАПШЫРУУ ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

• өздүгүн жана жарандыгын тастыктаган документ – паспорт жана анын көчүрмөсү;
• ОшМУнун ректоруна арыз;
• резюме;
• адистин өздүк баракчасы;
• аскердик билет жана эмгек китепчеси;
• ар түрдүү баскычтагы (бакалавр, специалист, магистр) жогорку кесиптик билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү диплом;
• 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
• №086 У медициналык справка.
Дареги:
Кыргыз Республикасы, 723500 Ош шаары, Ленин көчөсү, 333, Ош МУнун борбордук китепканасы 101- каана
Тел.: +996 3222 2 29 12, факс: +996 3222 5 75 58 Уюлдук тел.: 0772 750705, 0552 750705, 0773 826880

www.masteroshsu.kg www.oshsu.kg
14273 12:10 02-07-2014

                 

Новости

|< >|