Новости

Ош МУнун магистрлери магистрдик диссертацияларын коргошту!!!


2014-жылдын 26-июнь күнү Ош МУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинде магистранттардын магистрдик диссертацияларын коргоо болуп өттү. Коргоо жогорку деңгээлде өтүп, 9 магистрант “эң жакшы”, ал эми 11 магистрант “жакшы” деген бааларды алышты.

Магистрдик диссертацияны коргоого Ош МУнун магистратура департаментинин директору жана факультеттердеги магистратура башчылары катышышты.

Коргоонун жыйынтыгы жана Мамлекеттик Аттестациялык Комиссиянын чечими менен 20 магистрантка “Экономика” багыты боюнча “Магистр” академиялык даражасы ыйгарылды.

Ушул жылы магистратураны 20 магистр аяктап, алардын арасында 4 “Бизнес жана менеджмент” факультетинин окутуучулары, улук окутуучулары, 2 секретарь-референттер, 2 факультеттин методисттери, 4 банк кызматкерлери, 3 билим берүү башкармалыгынын, ММК өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери бар.
12720 17:50 27-06-2014

                 

Новости

|< >|