Новости

Адаптациялык практика боюнча семинар-талкуу өткөрүлдү.

Педагогикалык адистерди даярдоочу факультеттердин методика кафедраларынын башчылары, декандын окуу иштери боюнча орун басарлары, педагогика жана психология кафедраларынын окутуучулары менен "Педагогикалык билим берүүдө адаптациялык педагогикалык практиканы уюштуруу жөнүндө" семинар-талкуу өткөрүлдү.Анда педагогикалык билим берүүнүн бакалаврларын даярдоонун МББСда педагогикалык практиканын орду (Алтыбаева М.),адаптациялык педпрактиканы уюштуруп-өткөрүү боюнча И.Арабаев атындагы КМПУнун тажрыйбасы (Келдибекова А.О.) талкууланып, суроо-жооптор жана сунуш-пикирлер айтылды. Семинар-талкууда көтөрүлгөн урунттуу маселелер боюнча бирдиктүү платформанын негизин иштеп чыгуу Педагогика-психология борборуна тапшырылды (Батыралиева А.).
3949 16:20 21-05-2014

                 

Новости

|< >|