Новости

Искусство факультетинде Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде элибиздин чыгаан акыны, залкар комузчусу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына жана ОшМУнун 75 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция жана чыгармачылык кече уюштурулду.

Искусство факультетинде “Илим жана искусство” жумалыгынын алкагында уюштурулган кечеде ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Искусство факультетинин деканы Кылыч Курбанбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаевдер сөзгө чыгып, Т.Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгы, анын чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу эскерүүлөрдү айтышып, залкар акын жана комузчунун 150 жылдыгына карата иш-чаралар университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде да уюштуруу багытында иштер жүрүп жаткандыктары айтылды.

Конференцияда профессор Букарбай Иметов “Тоо булбулу Токтогул Сатылганов – улуу акын жана устат”, улук окутуучу Мирлан Мамазаиров “Улуу акындардын ааламы Токтогул Сатылгановдун образы - көркөм сүрөт искусствосунда” деген аталыштардагы баяндамалар окулду.

Ошондой эле конференцияны элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын доценти Бекболот Абдувалиевдин, окутуучу Жаңыл Атабаеванын комуз аспабы боюнча концерттик программасы коштоп, анда Т.Сатылгановдун “Бала кербез”, “Чайкама”, “Тогуз кайрык”, “Миң кыял” сыяктуу муундан - муунга өтүп чертилип келе жаткан залкар күүлөрү белгилүү комузчулар, окутуучулар, студенттер тарабынан аткарылды.

“Ар жылы салтка айланып апрель-май айларында факультетте “Илим жана искусство” жумалыгын уюштуруп келебиз. Быйылкы жылы илимий жумалыктын ачылышы катары биринчи Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата конференция жана чыгармачылык кечени уюштуруп жатабыз. Биз илимий жумалык аркылуу илимге болгон кызыгууну арттыруу, окутуучуларыбыздын илимдеги жетишкендиктерин көрсөтүү менен биргеликте кыргыздын көөнөрбөс улуттук баалуулуктарын чагылдырууну, жаштарга жеткирүүнү максат кылып алганбыз. Жумалыгыбыз 21-апрелден 28-апрелге чейинки убакытка созулуп анда бир гана илим жаатында эмес искусство, сүрөт чийүү, музыка боюнча конференцияларды, концерттик программаларды, ошондой эле графика, живопись жана декоративдик колдонмолор боюнча студенттердин иштеринин көргөзмөлөрүн да уюштурабыз”, - дейт Искусство факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары Айнура Нурбаева.

Фото: Р.Максытовдуку

11305 15:29 23-04-2014

                 

Новости

|< >|