“Алгач университеттин кампусу менен таанышып, билим берүү системасы тууралуу маалыматтарды алдык. Ошондой эле университеттин Конфуций институтунун жүргүзүп жаткан иштери, жаңылыктары менен тааныштык. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан жалпы 250 студент барып, мыкты билим алып жаткандыктарына күбө болдук. Ар бир делегация мүчөсү өзүнө тиешелүү тармактагы жетекчилер менен жакындан пикир алышып, кызматташуу багыттарындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле өтө чоң ылдамдык менен өнүгүп жаткан 3 млн 200 миң калкы бар шаардын курулуш иштери, өзгөчө жерлери менен таанышып кайттык. Сапар абдан жемиштүү болду”, -дейт экономика жана финансы боюнча проректор Тажимамат Эркебаев.
Сапардын жүрүшүндө делегациянын курамы Синьзян педагогикалык университетиндеги өзгөчөлүктөр жана алардын жетишкендиктери алардын мындан кийинки ишмердүүлүктөрүнө түрткү берээрин белгилешти.