Новости

«Гистология» предмети боюнча профессор С. Т. Шатмановдун жетекчилиги астында даярдалган кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китеби жарык көрдү.

Медициналык билим берүүдөгү фундаменталдык предметтердин бири болуп саналган «Гистология, цитология жана эмбриология» боюнча даярдалган окуу китебинде негизги маалыматтар таблица, схема, сүрөт түрүндө алгачкы жолу кыргыз тилинде берилген. Республикадагы медициналык жогорку окуу жайларга билим алуу үчүн студенттер, нагизинен, айыл жерлеринен келишет, ошондуктан жаңы илимдерди, орус тилиндеги чоң көлөмдөгү жаңы маалыматтарды кабыл алуусу, түшүнүүсү алар үчүн бир топ оордукту туудурат. Мына ошондуктан бул окуу китеби, окурмандын кызыкчылыгын көздөө менен, жаңы жана кенен маалыматтар менен иштөөсүн максималдуу жеңилдетүүгө аракет жасалган. Окуу китеби, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналып, медициналык окуу жайлардын студенттерине, клиникалык оординаторлорго жана врачтарга арналган.
8323 11:54 21-04-2014

                 

Новости

|< >|