Новости

Медициналык колледжде “Бар бол, жоокер жердешим” аттуу жолугушуу кечеси өттү

Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин гуманитардык жана математикалык дисциплиналар кафедрасы тарабынан “Бар бол, жоокер жердешим” деген аталыштагы Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлери менен жолугушуу кечеси болуп өттү.

Кечеде Ош шаарынын ардактуу атуулары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Василий Секерин, Өмөш Мурсалиев, эмгек ардагерлери Уктам Шамшидинов, Инат Максутовдор менен окутуучулар, студенттер жолугушуп пикир алышты.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жана жоокерлери жөнүндө видео-ролик көрсөтүлдү. Ошондой эле “Менин жоокер жердешим: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталышта студенттер, агай-эжекелер тарабынан коюлган фотолордун, аскердик альбомдордун, дубал гезиттердин конкурсу уюштурулду.

Жыйынтыгында аталган кафедранын башчысы Райкан Турганбаева кафедранын атынан тынчтык үчүн, мекен үчүн кандуу согушта каармандык көрсөткөн согуштун, эмгектин ардагерлерине ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктарды, белектерди тапшырды.

Жыйынтыгында гуманитардык жана математикалык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Сейдалиева Миранын демилгеси менен даярдалган студенттердин концерттик программасы тартууланып, сый тамак уюштурулду.

10514 12:25 19-04-2014

                 

Новости

|< >|