Новости

“Мамлекеттик тил – достуктун тиреги” аталышындагы тегерек стол болуп отту.

Өзгөн медициналык колледжинде Мамлекеттик тил борбору жана жаштар комитети, колледждин активдүү студенттеринин катышуусунда бүткүл дуйнөлүк “Эне тил ” күнүнө карата 20-февраль күнү мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө , жайылтууга жана маселелерди чагылдырууга багытталган “Мамлекеттик тил – достуктун тиреги” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун жүрүшүндө башка тилдерди урматтоо менен өзүбүздүн эне тилибизге болгон мамилени, сүйүүбүздү арттыруу ар бир кыргыз жаранынын милдети экендигин айтып өтүштү. Мындан сырткары белгилеп кетчүү нерсе тегерек столго катышкан катышуучулар ар түрдүү ой пикирлерди сунуштап, талкууга коюп, көптөгөн көйгөйлүү маселелер айтылды. Айтылгандардын баары оозеки же кагаз бетине жазылып калбастан анын ишке ашышына жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынып туруу зарыл деп баса белгилешти. ,
4460 19:45 21-02-2017

                 

Новости

|< >|