Новости

“Виртуалдык клиника” көндүмдөрдү арттырууга шарт түзөт

Ош мамлекеттик университетинде медицина тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн дагы бир чоң мүмкүнчүлүк жаралды. «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында ОшМУ менен Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун биргелешкен иш аракеттеринин алкагыда медицина факультетинде окуу, илим изилдөө, өндүрүштүк комплекс болуп саналган “Виртуалдык клиника” түзүлдү. Аталган клиника ОшМУнун медициналык клиникасынын 4 кабатында жайгашып, ал “Педиатрия”, “Терапия”, “Хирургия”, “Акушердик”, “Гинекология”, “Төрөт бөлүмү”, “Жандандыруу бөлүмү” сыяктуу 12 бөлүмдөн турат.

Аталган бөлүмдөрдө симуляциялык (машыктыруучу) препараттар, жогорудагы бөлүмдөргө ылайык адамдын дене мүчөлөрү сыяктуу манекендер, медициналык каражаттар камтылган. “Виртуалдык клиникада” симуляциялык манекендер аркылуу студенттер бардык оруунун белгилерин угуп, көрүп, тапшырмаларды аткарып пайдаланууга болот.

Мындай билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, кесипкөй адистерди тарбиялоого, көндүмдөрдү аткарууга багытталган баалуу каражаттар үчүн Швейцария элчилигинен 50 миң $ каражат бөлүнсө, ОшМУнун ички каражатынан 50 миң $ каражат сарпталган. Белгилей кетсек, ОшМУнун медицина факультети «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында жаңы интеграцияланган окуу пландарын түзүү боюнча иштерди алып барууда. Учурда Медицина факультетинин «560001 – дарылоо иши” адистигинде билим алып жаткан 1-курстардын студенттери аталган долбоордун алкагында дисциплиналар аралык модулдук программа боюнча билим алып жатышат.

14786 15:04 16-02-2017

                 

Новости

|< >|