Новости

Медицина факультетинде Виртуалдык клиника ачылуу алдында турат.

ОшМУнун медициналык клиникасынын 4-кабатында окуу процессин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө шарт түзгөн “Виртуалдык клиника» түзүлүп, профессор К.А.Исаков баштаган ректорат, факультеттердин декандары, медицина факультетинин деканы, доцент И.А.Исмаилов, профессордук окутуучулук курамs 15-февралда таанышып чыгышты, жакынкы күндөрдө ачылуу алдында турат.

Аталган окуу, илим изилдөө өндүрүштүк комплекси, Виртуалдык клиника ОшМУнун ички каражаты жана Швейцария элчилигинин демөөрчүлүгү менен ачылып жалпысынан 50000$дан ашык каражат сарпталган.

Виртуалдык клиникада

  • Акушерство
  • Гинекология
  • Педиатрия
  • Терапия
  • Хирургия

· Реанимация бөлүмдөрү иштейт жана толук аппаратар менен камсыз кылынган.

3203 16:41 15-02-2017

                 

Новости

|< >|