Новости

Окумуштуу айымдын ишмердүүлүгүнө арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

2017-жылдын 11-февралында Илим жана аспирантура бөлүмү жана финансы-юридикалык коллежи тарабынан «ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАР» цикли боюнча финансы-юридикалык коллежинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Акматова Танавархан Мусакановнанын билим берүүдөгү жана илимий ишмердүүлүгүнүн 40 жылдыгына карата «Педагогикалык тажрыйба: теория, методика, практика» аттуу темадагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Пленардык кеңешмеде окумуштуу айымдын өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаеванын “Эмгегинен баар тапкан эл кызы” деген баяндамасы жана профессор Б.К. Үкүева, доцент Г.А. Анарбаева, ага окутуучу А.А. Карыбековдордун илимий баяндамалары угулду. Конференцияда 4 секцияда 40тан ашуун баяндамалар угулуп, талкууланды жана студенттик отурум да иш алып барды. Бул илимий иш-чара жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

9240 11:53 15-02-2017

                 

Новости

|< >|