Пленардык кеңешмеде окумуштуу айымдын өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаеванын “Эмгегинен баар тапкан эл кызы” деген баяндамасы жана профессор Б.К. Үкүева, доцент Г.А. Анарбаева, ага окутуучу А.А. Карыбековдордун илимий баяндамалары угулду. Конференцияда 4 секцияда 40тан ашуун баяндамалар угулуп, талкууланды жана студенттик отурум да иш алып барды. Бул илимий иш-чара жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.