Новости

Финансы - юридикалык коллежинин ЖББДнын табият таануу кафедрасы “Товаровед – эксперт” адистигинин студенттеринин ата-энелери менен жолугушууну уюштурду.

2 - февраль күнү саат 1100 дө Финансы - юридикалык коллежинин ЖББДнын табият таануу кафедрасында “Товаровед – эксперт” адистигинин студенттеринин ата - энелери менен жолугушуу болду. Жалпы билим берүү дисциплиналардын табият таануу кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент Садыкова Гулмира ата-энелерге адистиктин Негизги билим берүү программасы, жөнүндө кеңири тааныштырды. Ошондой эле ОшМУнун жана коллеждин миссиясы жана анын мазмуну жөнүндө ата-энелерди тааныштырып, түшүндүрдү. Жыйынтыгында анкеталар алынып, сунуштарын билдирип кетишти. Ата-энелерден ошондой эле, ата-энелерге бүгүнкү күндүн көйгөйү болуп жаткан жаш өспүрүмдөр арасындагы суицид тууралу психология илимдеринин кандидаты, доцент Жолдошова Акчач эжеке кеңири баян куруп берди. Ата-энелер өз балдарынын кыргызстандын алдыңкы окуу жайда окуп, перспективалуу адистикке даярдалып жаткандыктарын жана окуу жайдагы ийгиликтерди угушуп ыраазы болуп кайтышты.<
><
><
><
>
4091 11:11 14-02-2017

                 

Новости

|< >|