Новости

Практикаларды көзөмөлдөө.

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин 2016-2017- окуу жылынын окуу процессинин жадыбалынын негизинде "укук таануу", "экономика жана бух.эсеп", "салык жана салык салуу", "товар таануу жана экспертөө", "ПОВТАС", "банк иши" адистиктеринин 2-курсунун студенттери № 12/4, 11/4, 14/4,9/4, 13/4 буйруктун негизинде 2017-жылдын 9-январынан 18-февралга чейин окуу-өндүрүштүк практикасына чыгарылган. Өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин ага инспектору Ч.Аринова жана колледждин практика жетекчиси Н. Сатылганова менен биргеликте 6-февралдан 11-февралга чейин Ош шаарындагы мекеме ишканаларда (Ош шаардык жана областык ИИБ, сот, прокуратура, салык кызматы, ААК "Кыргызстан", Айыл банк, ЭкоИсламик, РСК, БТА, Капитал банк, ФинансКредитБанк, Бай түшүм ж.бишканалар) студенттердин өтүп жаткан практикалары көзөмөлдөндү.
2055 14:15 13-02-2017

                 

Новости

|< >|