Новости

Илимий китепканада онлайн-семинар-тренинг болуп өттү.

2017-жылдын 9-февралында саат 09.30 – 12.00 И. Раззаков атындагы КМТУ ИТК да ( Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети, Илимий Техникалык Китепкана) электрондук китепканалар ассоциациясынын “AVN жана ИРБИС-64” деген темада IT- адиси үчүн онлайн-семинар-тренинги болду. Семинарда төмөндөгү маселелер каралды: 1. SToR системи жөнүндө; 2. Админстратордун функциясы; 3. Системаны колдонуунун талаптары; 4. AVNден маалымат алуу; 5. ИРБИС ке окурмандарды каттоо. Бул онлайн-семинар-тренинг маалыматтык жана техникалык камсыздоо борборунун адиси Маматов Элбек Умаржановичтин жардамынын негизинде байланыш жүргүзүлдү. Семинарга илимий китепкананын директору С.С. Мамбетова Бөлүм башчылар: Козубай кызы Гүлшайыр, Жапаркулова С.М. жана Пасаңова К.Б. Башкы китепканачылар: Эргешова М.М., Раева Б.Б. жана Абдурахманова С.Т. Улук китепканачы Кудайбердиева Кайыргүл катышышты.
3802 14:13 09-02-2017

                 

Новости

|< >|