Новости

ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы, психолог Акчач Жолдошева авиакырсыктан жабырлангандарга психологиялык жардам көрсөттү

Бишкек шаарында болгон авиакырсыктан Дача-Суу айылы жабырланып, бир нече адамдар каза болуп, алардын жакындары, жаш балдар жалпы эле жашоочу калк психосоциалдык жардамга муктаж болуп, айрыкча кыргыз тилдүү психологдорго социалдык түйүндөрдөн кайрылуу жасалган.

ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы, практик психолог Жолдошева Акчач Олмасовна (июнь окуясында “мобилдүү психолог тобунун” жетекчиси) 17-январдан 21-январга чейин Дача-Суу айылына психологиялык жардам берүү максатында болуп келди.

Психолог Акчач Жодошева иш сапарынын алгачкы күнү Бишкек шаарындагы Балдар Хосписи жарыялаган кыргыз тилдүү психологдор керек деген чакырыкка барып кошулуп ишин баштаган.

Иш сапардын алкагында Акчач Жолдошева 18-январдан 21-январга чейинки аралыкта кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү жана ооруканада жабырланып жаткан жарандар менен жолугуп, психологиялык жардам көрсөтүп кайткан.

“Ар түрдүү кырсыктардан алыс бололу. Ар бир адамзат өзү каалаган максат-тилектери ишке ашсын”,-деген Акчач Жолдошева психологиялык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү демилгесин колдоп, жол акы чыгымдарын төлөп берген университет жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жабырлануучулар үчүн ачылган эсепке ОшМУнун жамааты 1 күндүк айлык акыларынын эсебинен 150 мин сом акчалай жардам которушкан.

6565 15:22 08-02-2017

                 

Новости

|< >|