Новости

Бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөр бетме-бет отуруп пикир алышты

Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында 7-февраль күнү университеттин Карьера борбору жана КРдин эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы биргеликте уюштурган бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул, Сапат департаментинин директору М.Алтыбаева, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж. Байзаков, Ош шаарындагы жаш ишкерлер ассоциациясынын директорунун орун басары Ж. Парпиев, КРдин эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Ромашов, Коомчулукка негизделген туризм уюмунун координатору Т.Токсонбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун Ош областтык укуктук испектору Э.Ажиматов жана башка Ош шаарындагы бир топ ишканалардан, уюмдардан өкүлдөр, быйылкы окуу жылында окууну аяктап жаткан студенттер катышышты.

Жолугушууда жыйынга катышкан иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундары, жумушка орношуунун шарттары, талаптары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ошондой эле учурдагы шарттарга ылайык бардык тармактардагы бош орундар мекеменин өздүк сайттарында же массалык маалымат каражаттарында ачык-айкын чагылдырыла тургандыгы, бош орунга тиешелүү кесиптин ээси болгон бардык каалоочу адистер конкурска катыша ала тургендыктарын белгилеп өтүштү. Учурдагы рынок шартында өз кесибин мыкты өздөштүргөн адистер конкурстан өтүп, иш берүүчү тарабынан жумушка кабыл алына тургандыктары айтылды.

Жыйын бүтүрүүчү менен иш берүүчүнүн ортосунда байланышты күчөтүп, тиешелүү маалыматтарды бүтүрүүчүлөргө жеткирүү максатында уюштурулгандыгын ОшМУнун Карьера борборунун жетекчиси Гулмира Жакыпова белгиледи.

Белгилей кетсек, бул багыттагы жыйындар жыл сайын уюштурулуп келет.

5586 14:03 08-02-2017

                 

Новости

|< >|