Новости

ОшМУнун окуучулары достук мелдешин өткөрдү

2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата ОшМУнун "Ыйман" гимназиясынын жана "Билим" лицейинин окуучуларынын ортосунда достук спорттук иш чарасы уюштурулду.

Иш чарада окуучулар спорттун футбол, волейбол түрлөрү боюнча мелдешип, кызыктуу достук оюнун курушту. Жыйынтыгында “Билим” лицейинин командасы футбол оюнунда, “Ыйман” гимназиясынын командасы волейбол оюнунда биринчиликти алышып, уюштуруучулар тарабынан диплом, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

“Окуучулар ортосунда достук беттешин уюшуруу менен биз достукту чыңдап, өз ара карым-катышты бекемдедик. Мындан ары да мындай түрдүү форматтагы иш чараларды уюштурууну колго алабыз. Иш чарабызды уюштурууга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөткөн ОшМУнун ректоратына жана Туркия Диянет фондуна терең ыраазычылык билдиребиз”, -деди “Ыйман” гимназиясынын директору Жеңиш Элболдуев.

7938 14:19 03-02-2017

                 

Новости

|< >|