Новости

ОшМУ университет класстеринин дагы бир баскычы менен толукталды

Университетте эмерек жасоочу окуу-өндүрүштүк ишкана жана пластик эшик-терезелерин чыгаруучу окуу-өндүрүштүк лаборатория иштей баштады.

Аталган эмерек жасоочу окуу-өндүрүштүк ишкана жана лаборатория эми университеттин керектөөсүн камсыздоодо кызмат кылат. Учурда университеттин окуу корпустарына, жатаканаларына керектелүүчү стол-стул блоктор, шкаф, доска китеп текчелери сыяктуу эмеректер жана заманбап пластик эшик, терезелери жасалып жатат.

Биринчиден университеттин окуу-өндүрүштүк базасын чыңдоого керектелүүчү эмеректер көзөмөл алдында сапаттуу жасалса, экинчиден каражат үнөмдөлөт, ошондой эле университетте билим алып жаткан айрым адистиктердеги студенттер практикадан өтүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, ОшМУда учурда 4 кампус, 30дан ашык окуу имараттары, 9 жатакана, 1 мейманкана, 3 медициналык клиника, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы жана студенттик профилакториясы бар.

Университет окуу, билим берүү, илим изилдөө, өндүрүштүк ишканалардын класстерине, же бардык тармактарды камтыган, үйрөткөн жана өнүктүргөн комплекске айланууда.

6392 10:14 02-02-2017

                 

Новости

|< >|