Новости

ОшМУда эмгектенген 80 окутуучу, кызматкерлер Өкмөттүк жана Ош шаардык муниципиалдык ипотека програмаларынын негизинде турак-жайлуу болушту

Ош мамлекеттик университетинин жамааты үчүн узап бараткан 2016-жыл ийгиликтүү да, ооматтуу да, кубанычтуу да жылдардан болгондугу январь айынын соңку күндөрү окуу жайдын жетекчилиги шаардагы ипотекалык кредит алкагында үй-жайлуу болушкан өзүбүздүн кызматкерлерибиз менен жеринде жолугушуу учурунда дагы бир жолу тастыкталды десек болот.

Университетте эмгектенген турак-жайга муктаж 60тан ашуун кесиптештерибиз, анын ичинен 40тан ашууну, өзгөчө жаш кызматкерлер өкмөттүк “Арзан турак-жай – 2015-2020” программасынын негизинде турак жайлуу болушса, ал эми 20 окутуучу-кызматкерлерибиз Ош шаардык муниципиалдык ипотека програмаларынын негизинде турак-жайлуу болушуп, учурда алар Ош шаарындагы Авицена жана Моторная көчөлөрүндө жайгашкан “А” жана “Б” сандуу көп кабатуу үйлөрдөн алышкан өз батирлеринде жашап жатышат.

Өкмөттүк жана Ош шаардык муниципиалдык ипотека програмаларынын негизинде турак-жайлуу болушкан жамааттын мүчөлөрүн университеттин ректору Каныбек Исаков баштаган ректорат жамааты жана профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккуловдор кесиптештерибизди жеке турак-жайга ээ болгон кубанычтары менен жеринде куттукташты.

“Университет бир чоң үй-бүлө, жамааттын ар бир мүчөсүнүн ийгилиги, кубанычы бул жалпы жамааттын кубанычы. Кызматкерлерибизди социалдык жактан колдоого алууга азыркы учурда биз тараптан зор маани берилүүдө. Бул максатта профсоюз менен биргеликте кабыл алган Жамааттык Келишимде да бир катар багыттарыбызды белгилегенбиз”-, деген ректор Каныбек Исаков учурда үй алууга муктаж болгон окутуучу, кызматкерлер үчүн мамлекет, ошондой эле университет тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгын, муну менен бирге учурда университетте туруктуу өсүп жаткан эмгек акылардын өлчөмү кызматкерлерибиздин узак мөөнөттөгү ипотекалык кредиттөөлөрдүн негизде алардын жеке үй-жай алуусуна шарт түзүп жаткандыгын белгиледи. Жолугушудан кийин үйлүү болушкан кызматкерлердин үйлөрүнө баш багышып, каалоо-тилектерин айтышып, даам ооз тийишип ак батасын беришти. Өз кезегинде үй алган кызматкерлер да жалпы жамаатка жана жетекчиликке ар тараптуу колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов “Мындай кубанычтарды алып келген жетишкендиктерибиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылы кабыл алынган “Арзан турак-жай-2015-2020”, ошондой эле Ош шаардык муниципиалдык ипотекалык программалар боюнча профсоюз комитети жамаат ичинде жүргүзгөн түшүндүрүү иштерине байланыштуу болду деп эсептейбиз. Анан да Ош шаарындагы ЖОЖдордун профсоюз комитеттеринин Ош шаардык муниципиалдык ипотека программасы боюнча Ош шаардык мэриясына, депутаттардын шаардык Кеңешине, КРнын Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө жасаган кайрылууларынан соң, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши 2016-жылдын 30-майындагы сессиясында батирлерди ипотекага берүү шарттарынын мурдагы вариантын өзгөртүп, тактап айтканда, төлөп кутулуунун 7 жылдык мөөнөтүн 12 жылга узартып, алгачкы төлөмдүн өлчөмү 30%дан 20%га, жылдык пайыздар 12%дан 6%га, банктык кызматтар 6%дан 0%га төмөндөтүлүп,

профсоюздардын сунуштарын колдоп беришти. Канткенде да эми минтип жылуу жумшак үй-жайга ээ болуп, ай сайын ипотекалык кредиттерди эмгек акынын эсебинен жабууга мүмкүн болгон окуу жайда иштегендигибиз үчүн, элде айтылып жүргөндөй, Ошто жашап, ОшМУда иштегенибизге чындап эле сыймыктана турган мезгил болуп турат. Анткени мындан сырткары, дале болсо өз турак-жайга ээ болсок деген көпчүлүк жаштарыбыздын мутаждыгы үчүн быйылкы жылда Ош шаардык мэриясы жер тилкесин бөлүп берсе, университетибиз өз күчү менен көп батирлүү бийик кабаттуу турак-үйдү куруу ректорат менен профкомдун ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимде план катары киргизилген”,- деп баса белгиледи.

Жогоруда айтылгандай, Ош шаардык муниципиалдык ипотека програмасынын негизинде 20 кызматкерибиз жылдык батирлердин наркынын 20% өлчөмүндөгү алгачкы төлөмүн төлөшүп, калган суммасын 6 пайыздык үстөк менен 12 жылдык мөөнөттө төлөп кутулуу шартында үй-жайлуу болушту. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Арзан турак-жай-2015-2020” мамлекеттик ипотека программасына ылайык насыянын жылдык үстөгү 10-12%ды түзүп, 15 жылга чейинки мөөнөткө берилүүдө. Мында ипотека алуучулар үйлөрдү өздөрү тандап, көп кабаттуу үйлөрдөн 80 м2 чейин жана 150 м2 чейин жер үйлөрдү алууга мүмкүнчүлүгү бар.

7834 14:30 31-01-2017

                 

Новости

|< >|