Новости

Эл аралык мамилелер факультетинде стейкхолдерлер жана бүтүрүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү

Тегерек стол Эл аралык мамилелер факультетинин Аймак таануу кафедрасы тарабынан уюштурулду. Тегерек столго Ата-Энелер, бүтүрүүчүлөр, студенттер, профессордук окутуучулук курам, Ош МУнун ОИДдин директору Абазбек уулу Расул, Карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира жана иш берүүчүлөр:Ош шаардык мериясынын Вице-мери Кадыров Нурбек, Баткен областынын ОБСЕнин кызматкери Курбанбеков Айтбай,ПРООНдун админстративдик каржы ассистенти Давлатжанова Зарагуль ж.б.келип катышты. Аймак таануу багытынын негизги билим берүү программасын Акматова Дамира эжеке тарабынан презентацияланды. Презентациядан алынган маалыматтардан кийин жалпы катышуучулар майда топторго бөлүнүп НББПнын (негизги билим берүү программасынын), максатын, окутуунун натыйларын жана окуу пландын структурасын, мазмунун талкулоо боюнча иштешти. Жыйынтыгында ар бир майда топтон бирден өкүл өздөрүнүн ойлорун презентацияладады. Жыйынтыгында өкүлдөрдөн кемчиликтер айтылып сунуштар берилди.Терегек столдук жыйынтыгы Эл аралык мамилелер факультетинде НББПга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө чон өбөлгө түзүлдү.
2987 15:01 28-01-2017

                 

Новости

|< >|