Көз карандысыз аккредитацияга даярдыктын алкагында Карьера борборунун кезектеги жыйыны болуп өттү
17:39
Жыйынга факультеттерден жооптуулар, Сапат департаментинин директору М.Алтыбаева жана карьера борборунун жетекчиси Г.Жакыпова катышты. Жыйында Көз карандысыз аккредитацияга даярдыктардын жүрүшү жана бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтык базасынын абалы (акыркы 3 жылдык)жөнүндө маалымат Г.Жакыпова тарабынан берилди. Факультеттерден келген жооптулар кошумча маалымат жана сунуштар айтылды. М.Алтыбаева Көз карандысыз аккредитациянын критерийлери жөнүндө жана МБП боюнча презентация жасады. Жыйынтыгында тапшырмалар берилди.
2814 17:39 27-01-2017