Новости

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде окутуучулар үчүн англис тили курсу ачылды.

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде ректордун демилгеси менен башка факультеттердин окутуучулары үчүн англис тили курсу ачылды, курс 74сааттан турат жана 10.01.2017 - 05.05.2017 чейин улунат.

Курстун максаты тил курсуна катышып жаткан окутуучулардын англис тилин А1, А2 деңгээлине көтөрүү.

Аталган курстун диогностикалык тести 10 январда болуп өттү. Ага жалпысынан 140 окутуучу катышты. Алынган тесттин жыйынтыгынын негизинде 2 тайпа түзүлдү. Э. Карабекованын тайпасында 35 окутуучу, Ж. Жалиеванын тайпасында 43 окутуучу жумасына 3 жолу тил үйрөтүү курстарына катышууда.

4567 16:07 27-01-2017

                 

Новости

|< >|