Новости

2017-жыл, 27-январь. Кышкы лагерь.

2017-жыл, 27-январь. Тарых факультетинде "Кышкы лагерь" иш-чарасынын алкагында жалпы орто билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары үчүн кесипке багыттоо максатында иш-чара өткөрүлдү. Ага Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы мектептердин окуучулары келишти. Алар факультеттин миссиясы, адистикке даярдоонун шарттары, материалдык-техникалык базасы менен тааныштырылды. Ошондой эле, факультеттеги археологиялык-этнографиялык музейдеги экспонаттар, археологиялык казууларда табылган табылгалар, профессордук-окутуучулук курамдын илимий эмгектери менен тааныштыруу иштери уюштурулду.
4562 12:25 27-01-2017

                 

Новости

|< >|