Новости

2017-жыл, 26-январь. Тарых факультетинде тегерек стол.

2017-жыл, 26-январь. Тарых факультетинде "Социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы тарых профилинде адистерди даярдоонун учурдагы маселелери" деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Р.А. Закиров, №21 А.С.Пушкин атындагы мектебинин мугалими М.Юнусова, №52 "Кыргыз-түрк достугу" мектепбинин тарбиялык иштер боюнча завучу Ш.Абылкасымова, №4 С.Киров мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Г.Абдулкасимова, №42 Керме-Тоо мектеп-гимназиясынын тарых мугалими У.Ниязалиева ж.б. катышышты. Тегерек столдо социалдык-экономикалык билим берүү багытында адистерди даярдоонун НББПнын окуу планында дисциплиналардын логикалык удаалаштыгы, кредитинин көлөмү адистиктин алкагында шайкеш келүүсү, ошондой эле, окутуунун максаты, натыйжасы ички жана тышкы стейкхолдерлердин катышуусунда талкууланып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга таасир берүүчү иш-пландар аныкталды жана учурдагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аны чечүүнүн жолдору талкууланды.
4277 15:45 26-01-2017

                 

Новости

|< >|