Новости

24- Январь күнү Көз карандысыз аккредитацияга даярдануу алкагында Эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан "Эл аралык мамилелер адистигинин бүтүрүүчүлөрү стейкхолдерлердин көз карашы менен" атту терек стол юуштурулду. Тегерек столго Ата-Энелер, бүтүрүүчүлөр, студенттер, профессордук окутуучулук курам, Ош МУнун ОИДдин директору Абазбек уулу Расул, Карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира жана иш берүүчүлөр: Ош шаардык мэриядан Аманова Салтанат, Юсупов Замир, КРнын тышкы иштер министрлигинин кыргызстандын түштүгүндөгү толук ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн экинчи секретары Кабаев Азамат, "Хельветас" Швейцария компаниянын менеджери Адишов Камбарбек, "ДИЯ" коомдук фондунун директору Ормонова Авазхан, ПРООНдун админстративдик каржы ассистенти Давлатжанова Зарагуль ж.б.келип катышты. Эл аралык мамилелер багытынын негизги билим берүү программасын Султанова Кулсара эжеке тарабынан презентацияланды. Презентациядан алынган маалыматтардан кийин жалпы катышуучулар майда топторго бөлүнүп НББПнын (негизги билим берүү программасынын), максатын, окутуунун натыйларын жана окуу пландын структурасын, мазмунун талкулоо боюнча иштешти. Жыйынтыгында ар бир майда топтон бирден өкүл өздөрүнүн ойлорун презентацияладады. Жыйынтыгында өкүлдөрдөн кемчиликтер айтылып сунуштар берилди.Терегек столдук жыйынтыгы Эл аралык мамилелер факультетинде НББПга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө чон өбөлгө түзүлдү.
2746 16:13 25-01-2017

                 

Новости

|< >|