Новости

Журналистика кафедрасында мектеп окуучулары үчүн кышкы лагер болуп өттү

24-январь күнү журналистика кафедрасында мектеп окуучулары үчүн "Кышкы лагер" болуп өттү. Лагерге Ош шаарынын № 6 «А.С.Макеренко» мектеп-гимназиясынан 20 окуучу, жана № 27 орто мектебинен 20 окуучу келип катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө окуучуларга кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистиги боюнча кеңири маалымат берилип, техникалык базасы менен тааныштырылды. Ошондой эле журналистиканын жанрлары тууралуу мастер-класстар өтүлдү жана видео-ролик, слайд-шоулар көрсөтүлдү. "Кышкы лагерди" уюштуруудагы негизги максат - мектеп окуучуларын кесипке туура багыттоо, университетте түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү, журналистика адистигине болгон кызыгууларын арттыруу болуп саналат. Аталган иш чара кафедра мүчөлөрү тарабынан уюштурулду.
2367 15:45 24-01-2017

                 

Новости

|< >|