Новости

ОшМУнун ENACTUS командасы «Жылдын мыкты долбоору-2016» номинациясы менен сыйланды

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 13-январында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жыл жыйынтыгын чыгарып, 2016-жылдын мыктыларын сыйлады.

Анда спорттун олимпиадалык түрлөрү, олимпиадалык эмес жана улуттук спорт түрлөрү боюнча мыктылар жана жаштар арасындагы мыкты долбоор боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Эң мыкты ийгиликтерди жаратып келе жаткан Ош мамлекеттик университетинин ENACTUS командасы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча агенттиктин «Жылдын мыкты долбоору-2016» номинациясы менен сыйланды, аталган сыйлык команданын жетекчиси Эрлан Камаловго тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган команда 1998-жылдан тартып 100гө жакын бизнес, социалдык жана экологиялык проекттерди турмушка ашырган. Ошондой эле команда Кыргыз Республикасынын эки жолду Улуттук чемпиону болуп Дүйнөлүк ENACTUS Кубокторунда Кыргызстандын намысын коргоп келет. Аталган команданы ОшМУнун доценти, э.и.к., эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов жетектейт.

Ошондой эле 2016-жылда элдин сыймыгы жана мыкты жетишкен ийгиликтери үчүн “Азия микс” , “Кыргыз юнион” коомдук бирикмеси, “Тумар” бийчилер тобу жана башкалар агенттиктин атайын сыйлыгына татыган.

6705 15:37 19-01-2017

                 

Новости

|< >|