Новости

ОшМУнун окутуучусу Р.Абдыкадыровдун ырларын аткаруу боюнча республикалык сынакта баш байгени жеңип алды

Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, залкар обончу-компазитор Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдык мааракесине арналган музыкалык сынакта ОшМУнун искусство факультетинин окутуучусу Абдыкерим Ахмедов баш байгеге ээ болду.

Р.Абдыкадыровдун ырларын аткаруу боюнча Кыргызстандын бардык аймактарынан келген чыгармачыл инсандардын арасынан суурулуп чыгып, баш байгени жеңип, министрликтин диплому жана 50000 сом акчалай сыйлыгына ээ болду. Сынакта Абдыкерим Ахмедов акын Омор Султановдун сөзүнө жазылган “Эскерүү” аттуу чыгармасын аткарган. Жеңиш ээсин окуу жайдын жалпы жамааты куттуктап, чыгармачылык эргүү, иштерине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, аталган сынак алгач жер-жерлерде уюштурулуп, мыктылар тандалып алынган.

6267 11:27 19-01-2017

                 

Новости

|< >|