Новости

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерлер башталды

Ош мамлекеттик университетинде мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерлер башталды. Бул багытта бардык факультеттерде түрдүү багыттагы иш чаралар уюштурулуп жатат.

14-январь күнү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде да мектеп окуучулары үчүн кышкы лагер башталды. Лагерге Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун чет тили ийриминин жетекчиси Ж.Хожиматов 23 окуучусу менен, Ош шаарындагы “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунан 12 окуучу, Ош шаарындагы Манас мектеп-гимназиясынан 7 окуучу, SECOM окуу борборуна Чоң Алай районунан келип ЖРТга даярдык көрүп жаткан окуучулар келип катышышты.

Иш чаранын алкагында окуучуларга Ош мамлекеттик университети, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео-баян көрсөтүлдү. Экинчи бөлүгүндө факультеттин деканы С. Калыгулова жана роман-герман филологиясы кафедрасынын башчысы Мараш-Оглы Шухри Вазирович «Сурагыла-жооп беребиз» рубрикасында окуучуларды кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле окуучуларга университеттин бардык адистиктери боюнча маалыматтар камтылган буклеттер таркатылып берилди.

Кышкы лагерди уюштуруудагы негизги максат мектеп окуучуларын кесипке туура багыттоо, университетте түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү, тил үйрөнүүгө болгон кызыгууларын арттыруу, чет өлкөлөрдөн билим алууга жол ачкан ОшМУнун эл аралык программалары, университеттин чет өлкөлүк окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдери боюнча маалымат берүү болуп саналат.

Аталган иш чара факультеттин карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н. Эрмекбаева тарабынан уюштурулду.

Белгилей кетсек, түрдүү программаларды камтыган бул иш чара январь айы ичи улантылат.

6872 15:47 16-01-2017

                 

Новости

|< >|