17:06 23-01    Встреча с специализированными докторами из Индии       15:25 23-01   Семинаре по компетентно-ориентированному составлению тестов и заданий в ВУЗе       14:49 23-01   Отборочная кампания в российские вузы в 2017/2018 уч. г.       14:00 23-01    2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде аткарылган иштер       09:58 23-01   АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ЖӨНҮНДӨ Ж О Б О (ДОЛБООР)       17:57 21-01    Кышкы лагерь       14:53 21-01    Грант Посольства США в Кыргызской Республике.       14:48 21-01    Конкурс исследовательских грантов       14:47 21-01   Кышкы лагерь       14:00 21-01   Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү     


Вы здесь: Информационный стенд / Новости / Жаңы жыл
12:10 12-01-2017 | Кафедра фонетики и грамматики английского языка / Новости
Жаңы жыл

Кафедра башчысы, доцент Акматова Айниса эжекенин демилгеси менен 2016-жылы 28- декабрь күнү чет тилдер факультетинде жаңы жылга карата, 1-курстар арасында конкурс уюштурулду. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, 1-курстар аябай жоопкерчиликтүү даярданып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады.

Конкурстун шарты төмөндөгүдөй болду.

1-конкурс “Эң жакшы каалоо тилек”

2-конкурс “Эркин тема” Жаңы Жыл

3-конкурс “Эң жакшы жаңы жылдык костюм”

Билимге умтулган 1-курстун студенттери баардык номерлерин үйрөнүп жаткан чет тилинде аткарышты жана факультеттин чыгаан таланттуу студенттери ырдап, бийлеп, интермедия көрсөтүп, тамашоучулар кызыктуу тамашаларынан бөлүштү.

Кафедранын окутуучула рыкуратордук группаларына конкурстарды даярдоого жардам көрсөтүштү. Бул, албетте куратор менен студенттердин мамилесин бекемдөөгө шарт түздү.

Концерттик программаны факультеттин мыкты деп табылган студенттери Арген жана Айнура алып баруучулук милдетти аркалады.

Жороева Айгуль эжекенин жетекчилиги астында 1АРБ-16 тайпасы дүйнө жүзүндө мамлекеттерде жаңы жылды тосуу тарыхын презентация түрүндө көсөтүштү. Алар: Эфиопия, Италия, Улуу Британия, Кытай.

Калыстар тобунун мүчөлөрү : Англис тилинин фонетикасы жана грамматика кафедрасынын окутуучулары:

1. Жороева Айгул

2. Тургунбаева Бактыгул

3. Эрмекбаева Нуржамал

4. Токторова Венера

Конкурстун жеңүүчүсү болуп 1АКК-4-16 тайпасы болду.

2-орун 1АРК-3-16

3-орун 1АКК-1-16

Окутуучулар, студенттер чогуу жаңы жыл майрамын биргеликте тосушту.

Автор: Урмат Мурат      Просмотров: 12
               

Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com