Новости

Эл аралык мамилелер факультетинин жамааты аккредитацияга даярдык көрүү боюнча семинар-тренингге катышты

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн 3-декабрда ОшМУнун башкы корпусундагы көз карандысыз тестирлөө борборунда семинар-тренинг болуп өттү. Семинар-тренинг 2 негизги багыт боюнча уюштурулду. “Көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында өзүн-өзү баалоо боюнча отчет жазуунун өзгөчөлүктөрү” деген темада ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, доцент Кожобеков Кудайберди азыркы учурдагы көз карандысыз аккредитацияга даярдыктын абалы жөнүндө маалымат бөлүштү. Факультеттин жамааты аккредитациялоонун 9 критерийи жана аларды эске алуу менен өзүн-өзү баалоо боюнча отчетту жазуу маселелерине токтолду. Негизги көңүл заманбап билим берүүдө стейкхолдердин пикирин эске алуу, окуу пландарын кайра карап чыгуу, тандоо курстарын киргизүү, студенттерден, бүтүрүүчүлөрдөн жана жумуш берүүчүлөрдөн интервью алуу, окутуучулардын, студенттердин рейтингин аныктоо, окутууда заманбап усулдарды колдонуу маселелерине бурулду. “ОшМУнун электрондук маалымат ресурстары, веб-сайты жана алар менен иштөө” деген теманын маңызын ОшМУнун медиа борборунун директору Молдояров Улар кеңири ачып берди. Семинардын бул бөлүгүндө ОшМУдагы студенттер жана окутуучулар үчүн атайын түзүлүп, иштеп жаткан маалыматтык веб-сайттар жөнүндө керектүү маалымат берилди. Окутуучуларды ОшМУнун www.oshsu.kg ibooks.oshsu.kg de.oshsu.kg жана mediacentre.oshsu.kg интернет сайттарынын иштеши, аларды колдонуу жана аларга маалымат жайгаштыруу маселелери кызыктырды. Бул семинар ОшМУнун эл аралык мамилелер факультети тарабынан демилгеленген. Өз сөзүндө факультеттин деканы, доцент Эрлан Камалов мындай семинар-тренингдер көз карандысыз аккредитацияга жогорку деңгээлде даярданууга, университеттин электрондук базасын жаңы китептер менен толуктоого жана аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө кызыкдар тараптарга ыкчам маалыматтарды жеткирүүгө шарт түзөт деп белгиледи. Кошумчалай кетсек, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультети “Аймак таануу”, “Саясат таануу” жана “Эл аралык мамилелер” багыттары боюнча бакалавр жана магистрлерди даярдоону ишке ашырат. Азыркы учурда факультет “ачык факультет” деп жарыяланып, көз карандысыз аккредитацияга даярдык кызуу жүрүп жатат.
5131 18:30 08-01-2017

                 

Новости

|< >|