Новости

“Сүрөттө сакталган кыргыз тарыхы” аттуу архивдик изилдөөлөр камтылган сүрөт көргөзмөсү тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 14-ноябрда “Сүрөттө сакталган кыргыз тарыхы” (ХХ кылымдын 20-30-жылдарында) аттуу архивдик изилдөөлөр боюнча сүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмө ОшМУнун доценти, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев тарабынан уюштурулду. Көргөзмөнүн автору Тарых жана маданият жылынын алкагында университеттин жетекчилигинин колдоосу менен апрель айында 2 жума Россиянын Оренбург шаарында болуп шаардык, облустук, райондук архивдерде изилдөө жүргүзүп кайткан. Анда негизинен басмачылык кыймылы, кулакка тартуу мезгили, репрециянын курмандыктары тууралуу буга чейин жашыруун документтердин үстүнөн изилдөө ишин алып барган. Аталган көргөзмөгө Жолдошбек Бөтөнөевдин ХХ кылымдын 20-30-жылдары тууралуу архивдик изилдөөлөрү боюнча сүрөттөр, тарыхый документтер коюлду. “Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүдө Оренбург шаарында шаардык, облустук, райондук архивдеринде буга чейин жашыруун жана өтө жашыруун болуп келген материалдар жана УКМКнын архивинен алынган материалдар коюлду. Негизинен бул изилдөөнүн башталышы, мындан ары буйруса бул багыттагы изилдөөлөр улантылат деп ойлойм. Ал эми сурөттө коюлган инсандарга тарых өз баасын берет”, -деди Ж.Бөтөнөев.
3477 18:22 08-01-2017

                 

Новости

|< >|