Новости

ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган түрк тили боюнча курстар жыйынтыкталды, быйыл 58 адам Мевлана программасынын алкагында Түркиядан билим, тажрыйба алып келишет

ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн демилгеси менен 2016-жылдын март айынан баштап Мевлана сыяктуу түрк тилдүү билим берүү жана акдемиялык алмашуу программаларына активдүү катышуу максатында ОшМУнун студенттери, магистранттары, ординаторлору, окутуучулары үчүн түрк тилин окутуу боюнча курстар ачылган эле. Аталган курстар бир эле учурда башкы корпуста, математика жана информациялык технологиялар, бизнес жана менеджмент, эл аралык мамилелер, теология жана табият таануу, медицина, тарых жана юридика факультеттеринде башталып, бул курстарга учурунда 200дөн ашуун тил үйрөнүүчү жазылган. Түрк тилин үйрөнүү үчүн угуучулар 3 ай аралыгында жумасына 4 жолудан бекитилген жадыбалдын негизинде окушуп, сынак жана тил билүү деңгээлин аныктоочу тест тапшырышты. Үч айга созулган курстарды толугу менен окуп бүткөн угуучулар түрк тилин өздөштүргөндүгү жөнүндөгү сертификаттарга ээ болушту. Курстун катышуучулары болгон студенттер, магистранттар, ординаторлор, окутуучулар баары Түркия Өкмөтү тарабынан каржыланган Мевлана академиялык алмашуу программаларына документ тапшырышты. Жыйынтыгында ОшМУнун 33 студенти, 1 магистранты, 24 окутуучусу, жалпы 58 адам Мевлана программасынын алкагында Түркиянын 20дан ашуун Сулейман Демирел, Анкара, Бюлент Эжевит, Абант Иззет Байсал, Кастомону, Балыкесир, Истанбул, Тракия, Аднан Мендерес, Ак Дениз, Юзунчу Йыл, Намык Кемаль Булент, Эжевит, 19-май университети, Чанаккале 18-март, Кахраман Мараш, Сутчи Имам, Балыкесир, Ержиес, Тунджели, Желал Байар сыяктуу университеттеринде студенттер бир семестрдик мөөнөт менен билим алууга жана окутуучулар 2 жумалык мөөнөттө тажрыйба алмашып, сабак өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындай алгылыктуу иш-аракеттер 2016-2017-окуу жылында да улантыла бермекчи.
3329 18:19 08-01-2017

                 

Новости

|< >|