Новости

“Ош декларациясынын” алкагында билим алып жаткан студенттерден Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери кабар алды

Азыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын аймактарындагы мамлекеттик университеттердин ортосунда кол койулган “Ош декларациясы” активдүү ишке ашууда. 2016-жылдын 2-ноябрь күнү ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, э.и.к., доцент Эрлан Камалов баш болгон факультеттин алдыңкы студенттеринен турган топ ОшМУга “Ош декларациясынын” алкагында келип билим алып жаткан студенттердин жашаган жерине барып, алардын жашоосу жана студенттик профилакторийде түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты. Жолугушууга ОшМУда күзгү семестрде билим алуу үчүн келген Талас мамлекеттик университетинен ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин география адистигине 2-курстун студенттери Кубат Ибрагимов, Айгерим Кеңешбекова, Жазгул Момукулова, 3-курстун студенти Арслан Жекшенбеков жана Педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүү адистигине 3-курстун студенти Гульзаада Тажибаева, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Табият таануу жана география факультетинин туризм адистигине 3-курстун студенттери Мээрим Айсахунова, Жаркынай Макешева, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине 2-курстун студенти Салия Абдрахмановалар, Баткен мамлекеттик университетинен Педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүү адистигине 3-курстун студенти Динара Кошонова, ушул эле факультеттин дене тарбия адистигине 2-курстун студенти Сыдыков Нурсултан, Орус филологиясы факультетине 3-курстун студенти Абакул кызы Акдаана, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика жана информатика адистигине 3-курстун студенти Мурадилла Сүйүновдор, Жалалабад мамлекеттик университетинен Бизнес жана менеджмент факультетинин финансы жана кредит адистигине 2-курстун студенти Бегимай Абдукаримова, Жеңишбек кызы Сирена, Нарын мамлекеттик университетинен чет тилдер факультетинин англис тили жана адабияты адистигине 2-курстун студенти Мираида Нуркалиева, бизнес жана менеджмент факультетинин финансы жана кредит адистигине 3-курстун студенттери Эльнора Бектурганова, Айбек Насарбековдор катышышты. Жолугушуу учурунда аталган студенттер эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен жакындан таанышып, түзүлгөн шарттарга жана жылуу мамилеге ыраазычылык билдиришти. Факультеттин деканы ички мобилдүүлүк боюнча келген студенттерге ОшМУнун эл аралык байланыштары жөнүндө кеңири маалымат берип, ОшМУда учурда дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген студенттер, магистранттар түрдүү адистиктер боюнча билим алса, ошол эле учурда ОшМУ дүйнөнүн 100дөн ашуун университеттери менен кызматташып, университеттин студенттери, магистранттары, окутуучулары бир топ чет өлкөдөрдөгү университеттерден билимин өркүндөтүп тажрыйба алып жаткандыгын белгиледи. Мындан сырткары “Ош декларациясынын” алкагында келген студенттердин баарын эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен жолугушууга чакырды. Бул үчүн ар бир университеттин студенттерине өздөрү окуган университеттери жөнүндө видеопрезентация жасоо, жолугушуунун күнүн жана убактысын тактоо тапшырмасы берилди. Мындай жолугушуулар ОшМУнун студентеринин ЖАМУ, ЫМУ, БатМУ, ТалМУ, НМУ жана ОГПИде Ош Декларациясынын алкагында академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга болгон кызыгуусун жаратып, студенттердин бири-бири менен достошуп, пикир алышып, билим, тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт. Ошондой эле, WhatsApp тармагында жети дубандын университеттеринен келген студенттердин башын бириктирген Friendship (Достук) тайпасы ачылды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Ош мамлекеттик университетинде өлкөбүздүн жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университетинин ортосунда университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чындаган “Ош декларациясын” кабыл алынган. Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү иш аракеттери камтылган.
3074 18:10 08-01-2017

                 

Новости

|< >|