Новости

Көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында семинар болуп өттү

Бүгүн, Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн медициналык колледжинде көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында «Билим берүүнүн сапатын камсыздоо, сапат маданияты, билим берүү программасынын максаттары жана окутуунун жыйынтыктары» деген аталышта семинар болуп өттү. Семинарга колледждин жалпы профессордук-окутуучулар курамы жана көмөкчү персоналдар катышты. Семинарда GIZ дин программасынын материалдары колдонулду. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда GIZ программасынын эксперти Г.Р.Дуйшебаева, т.и.д., профессор Исмаилов Б.И. тарабынан 4 күндүк семинар болуп, Өзгөн медициналык колледжинин директору Ө.Т.Станбаев, “Жалпы гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар” кафедрасынын окутуучусу М.А.Мамаджанов катышып келген. , ,
3499 15:55 04-01-2017

                 

Новости

|< >|