Новости

ОшМУда “Ректордук бал” кечеси өттү

Ош мамлекеттик университетинде билим алган окуунун алдыңкылары, коомдук-маданий иш чараларда активдүү катышкан мыкты студенттер үчүн Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында ОшМУнун ректорунун балы уюштурулду. Кызыктуу конкурстар, ыр-бий коштогон кечеге окуу жайдын ректору, профсоюз уюму, проректорлор, декандар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө унивеситеттин ректору Каныбек Исаков куттуктоо сөзүн жолдоду, анда окуунун алдыңкыларын куттуктап, университеттин өтүп бараткан жыл ичиндеги ийгиликтерине токтолду жана алдыдагы максаттары тууралуу ой бөлүштү. Студенттерге ректорат жамаатынын атынан куттуктоо сөздөрү, жакшы тилектер айтылды.

Майрамдык кечени жомок каармандары шаңга бөлөп, ырчы-бийчилердин концерттик программасы коштоду. Жаңы жылдык кечеде лотерея ойнотулуп, ректордун белектери ыйгарылды.

Кеченин жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан “Мыкты карновалдык кийим", “Кеченин мыкты бийчиси”, “Кеченин ханышасы”, “Кеченин мырзасы”, “Кеченин саркеч айымы”, “Кеченин саркеч мырзасы” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, белектер тапшырылды.

11464 15:06 26-12-2016

                 

Новости

|< >|