Новости

Бөбөктөргө «Жаңы жылдык балаты» тартууланды

ОшМУда профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 300гө жакын балдары катышышты. Майрамдык кечени ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов ачып, жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле ар бир үй-бүлөдө балдардын шаңдуу күлкүсү жаңырып туруусун, бөбөктөрдүн жашоосуна кең келечек, бактылуу балалык каалашты жана кеченин уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Кечени жомок каармандары коштоп, искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ыр ырдап, бийлеп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашты, ошондой эле балдар, ата-энелер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белектерди тапшырды. Кечеде ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү мекемесинин жогорку тайпасынын жана 1-класстын таланттуу окуучуларынын концерттик программасы тартууланды.

Белгилей кетсек, мындай иш чара профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет, концерттик программа профсоюз комитетинин маданий-массалык иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Фарида Мангиева тарабынан даярдалды.

10993 14:31 26-12-2016

                 

Новости

|< >|