Новости

Бүтүрүүчүлөр!

БИМдин бүтүрүүчүлөрү өз факультетинде!!! 2014-жылдын 29-март күнү БиМ факультетинде ОшМУнун 75 жылдык мааракесине жана 3-апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнө арналган "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигини…н бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу Деканат, "Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ" кафедрасы жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулду. Бул адистиктин ОшМУда ачылганына 15 жыл толуп, 10 жылдан бери кесипкөй адистер эмгек рыногуна чыгарылды. Адистиктин ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөрүн бардык тармактан кездештирүүгө болот. Аз убакыт өтсө да алардын арасында банк филиалдарынын директорлору, жетекчилердин орун басарлары, башкы бухгалтерлер, бөлүм башчылар, жетектөөчү адистер арбын. Жолгушуунун негизги максаты БИМ факультетинин БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ишин активдештирүү жана факультеттин бүтүрүүчүлөрү аркылуу өндүрүш менен байланышты өркүндөтүү. Бул багыттагы иш-аракеттердин баары адистерди даярдоонун сапатын, профессионалдык билим денгээлин жогорулатууну көздөйт.
11472 10:10 05-04-2014

                 

Новости

|< >|