Новости

“Ош декларациясынын” алкагында жети дубандан келип билим алган студенттер окууларын ийгиликтүү аякташты

Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринен “Ош декларациясынын” алкагында сентябрь айында келип, I семестр түрдүү факультеттерде билим алышкан студенттер күзгү семестрдик окууларын ийгиликтүү аякташты. Туулган жерине, окуу жайына кайтып жатышкан студенттер университеттин окуу иштери боюнча проректору К.Кожобеков менен жолугушуп, пикир алышты. Аталган жолугушууга университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Р.Арапбаев, башкы адиси Н.Шерановалар да катышышты. Жолугушууда студенттер Ош мамлекеттик университетинде 4 ай билим алышкандыгын, аларга университет тарабынан жакшы шарттар түзүлүп берилгендигин, бардык шарты бар, 3 маал ысык тамак менен камсыздаган студенттик профилакториясында жакшы жашашкандыгын, тажрыйбалуу окумуштуулар, илимпоздор билим бергендигин айтышып, университеттин жетекчилигине, жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

“Биз үчүн ОшМУга келип билим алган 4 ай абдан тез өттү. Ош шаары, ОшМУ бизге аябай жакты, бул жерде бизге тажрыйбалуу агай-эжекелер жаңы усулдар менен билим беришти. Университеттин жетекчилиги да келген күндөн бизди кабыл алып, маектешип, жашообузга, билим алуубузга жакшы шарттарды түзүп берди, биз ал үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мүмкүнчүлүк болсо дагы келип окугубуз келет. Ош шаарына биринчи жолу келген болсок да биз үчүн эң сүйүктүү шаар болуп калды. Биз туризм адистигине келгендиктен сабактардын жүрүшүндө Өзгөн мунарасы, Папан суу сактагычы, Сулайман Тоосу менен тааныштык. Университет тарабынан уюштурулган бир нече тил курстарына катыштык, эң негизгиси жакшы агай-эжекелерди, студент досторду таптык. Биз эми башка студенттерди да ОшМУга келип билим алууга чакырабыз”, -деди Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Табият таануу жана география факультетинин туризм адистигинин 3-курсунун студенти Мээрим Айсахунова.

Академиялык мобилдүүлүктүн сапатын жогорулатуу максатында “Ош декларациясынын” алкагында билим алган студенттерден эл аралык бөлүм тарабынан жыйынтыктоочу сурамжылоо-анкетасы жүргүзүлдү.

6960 15:42 22-12-2016

                 

Новости

|< >|