Новости

Тарых жана маданият жылында тарых музейи жаңыланды

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин базасындагы тарых музейи 2001-жылы факультеттин базасында ачылган.

Учурда Тарых жана маданият жылынын алкагында аталган музейде оңдоп-түзөө иштери жүрүп, стеллажждар жасалып жаңыланды.

Музейде Кыргызстандын түштүгүнөн табылган таш доорундагы (оттук, чакмак) буюмдардан тартып, керамикалык жазуулар, орто кылымдарга таандык чопо идиштер, буюмдар сыяктуу археологиялык, этнографиялык экспонаттар бар.

“Музейинге музейдин түптөлүшүнө салымын кошкон, археологиялык экспедицияларды уюштуруп. музейди археологиялык экспонаттар менен толуктаган т.и.к, археолог Кеңешбек Малтаевдин ишмердүүлүгү, илимий эмгектери, изилдөөлөрү да коюлган.

Ошондой эле Тарых жана маданият жылында Ош шаарындагы жогорку окуу жайдардан студенттер, мектептерден окуучулар, кызыккан шаар тургандары, ОшМУнун башка факультеттеринен да студенттер келишип музей менен таанышып кетишип жатышат”, -деди тарых музейинин башчысы Элдербек Умаралиев.

7747 15:31 21-12-2016

                 

Новости

|< >|