Новости

Иш берүүчүлөр менен жолугушуу

Финансы-юридикалык коллежинин Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Исаков Нургазы Жолболдуевич жана окутуучулары тарабынан 2016-жылдын 17-декабрында “НББПнын максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын иш берүүчүлөр менен талкулоо” семинары болуп өттү. Талкууда банк өкүлдөрү, жеке ишкерлер студенттердин ата-энелери жана бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты. Жыйынтыгында НББПнын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалары боюнча иш берүүчүлөр жана ата-энелер тарабынан берилген сунуштар кафедра тарабынан эске алынды.

Талкууга коллеждин директору п.и.к., доцент Т. Акматова, ОАО “Россинбанк ” Оштогу филиалынын сатуу бөлүмүнүн улук менеждери Боромбаев А.Т., ЗАО “FINCA Bank” Оштогу филиалынын кредитер боюнча менеджери Каримов Э. А., жана кредит боюнча эксперт Айылчиев К. Д. жеке ишкерлер Урустамов Д.А., Рустам уулу Дастанбектер катышышты.

2896 09:17 20-12-2016

                 

Новости

|< >|