Новости

ОшМУда ЖРТга бүтүрүүчүлөр кандай даяр экендигин аныктаган алдын ала тестирлөө болду

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан келген өкүлдөр (ЦООМО) университеттин “Билим” лицейинин, “Ыйман” гимназиясынын бүтүрүүчү класстарынан жана “Адис” окуу борборунда жалпы республикалык тестирлөөлөргө даярдык көрүү боюнча курста билим алып жаткан окуучуларды алдын ала жалпы республикалык тестирлөөдөн (пробное тестирование) өткөрүштү.

“Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн келишим бар. Ал келишимдерге ылайык Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан келген өкүлдөр алдын ала тестирлөөдөн өткөн окуучулардын билимин ар бир предметтин бөлүктөрү боюнча анализ жасап, пайыздык негизде аныктап беришет. Бул баалоонун негизинде окуучулар өз билим деңгээлин көрүп, аз пайыз алган предметтерди тереңирээк үйрөнүүгө аракет кылышат”,- деди “Адис” окуу борборунун директору Бектур Азимов.

Тестирлөөдөн өткөн окуучулардын билими 10 күндүн ичинде текшерилип, жооптору жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, келишимдин негизинде мындай алдын-ала тестирлөөдөн өтүп, билимди баалоо ОшМУда быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. Ошондой эле ОшМУда ЖРТдан алдын ала онлайн тестирлөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан абитуриенттерге өз билимин текшерүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн алдын ала (пробное тестирование) өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн, ал үчүн ОшМУнун сайтынан //www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=1&id2=3498&id3=0 шилтеме аркылуу кирип, өз билимин аныктоого болот.

7676 16:27 19-12-2016

                 

Новости

|< >|