Жолугушууда ар бир студентке факультеттин деканы, доцент Эрлан Камалов тартиптүү жашоосу үчүн ыраазычылыктарды билдирип, окууларына ийгиликтерди каалады. Жолугушууга кураторлор Кыдырмышева Б.Т., Акматов С.А., Бөтөнөев С.Ж., Кутушева Н.Т., Жаныбекова В.Б., Акматова Ж., Раимбердиева А.С. активдүү катышышты.
“Биздин жолугушуу декабрь айына туура келгендиги жөн жерден эмес, себеби биз студенттерге түзүлгөн шарттар менен, тактап айтканда жатаканаларды жылытуу маселесин да көрүп чыктык. Азыркы учурда шаардын кээ бир көп кабаттуу үйлөрүнө караганда биздин жатаканаларда жылуулук абдан жакшы берилиптир. Жатаканаларда санариптик телекөрсөтүү, акысыз WI-Fi, коюлуп, автоматтык режимде иштеген кир жуучу машиналардын студенттерге кызмат кылып жаткандыгы бизди кубандырды” – дейт Э.Камалов.
2016-2017-окуу жылында эл аралык мамилелер факультетинин ар түрдүү райондордон келген 22 студенти ОшМУнун жатаканаларында жашап жатышат.